Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

АКШ кар көчкүдөн жапа чеккен Тажикстанга жардам берет


Тажикстан.
Тажикстан.

АКШнын Тажикстандагы элчилиги Вашингтон табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтөрүн билдирди. Өлкөнүн тоолуу аймактарында акыркы бир нече күндө 40тай кар көчкү түшүп, 8 киши курман болуп, бирөө дайынсыз жоголгон.

Бул маселени АКШнын Тажикстандагы элчиси Элизабет Миллард менен Өзгөчө кырдаалдар комитетинин башчысы Рустам Назарзода талкуулашты. Комитет кызматкерлери жана АКШ элчилигинин өкүлдөрүнөн турган атайын топ түзүлдү.

Топ топтолгон гуманитардык көмөктөр боюнча маалымат алып, жетишсиз каражаттар тууралуу АКШ элчилигине билдирет. Кошмо Штаттар Тажикстандын табият кырсыгынан жапа чеккен аймактарына кошумча жардам жиберет.

Элчи Миллард Вашингтон бул багытта гана жардам бербестен, комитеттин потенциалын бекемдөөгө дагы көмөктөшөрүн айтты.

Өткөн аптада Тажикстан ТИМи дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана эл аралык уюмдарга кайрылып, тоолуу аймактарга түшкөн кар көчкүнүн кесепеттерин жоюуга жардам сураган.

XS
SM
MD
LG