"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттик жарышка катышат. Бул тууралуу ал ушу тапта Бишкекте өтүп жаткан партиялык конференцияда жер-жерлерден келген делегаттардын жана журналисттердин алдында билдирүү жасады.
- Регионалдык партиядан республикалык партияга айландык. Биз өз күчүбүз менен ушул деңгээлге жеттик. Биз өстүк. Эл бизге үмүт артып жатат, биз алардын ишеничимин акташыбыз керек. Эми биз президенттик шайлоого барабыз, - дейт Төрөбаев.
44 жаштагы Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясын да жетектейт. (SDz)