11-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Ал эми күндүз кар Ысык-Көл облусунан башка аймактарда жаайт. Жолдор тайгак, тоңголок. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5;
Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5;
Нарында түнкүсүн -23...-28, күндүз -10...-15;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28...-33, күндүз -4...-9;
Бишкек шаарында маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6, күндүз 0...-2 градус.