Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Дайыр Орунбековго каршы кылмыш иши токтотулду


Журналист Дайыр Орунбеков.
Журналист Дайыр Орунбеков.

Журналист Дайыр Орунбековго карата соттун президент Атамбаевдин пайдасына 2 миллион сом айыппулду төлөбөй жатканына байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу анын коомдук жактоочусу Адил Турдугулов билдирди. Анын айтуусунда, адвокаттын өтүнүчү боюнча журналист Дайыр Орунбековго карата козголгон кылмыш иши ага карата колдонулган мунапыстын негизинде өндүрүштөн кыскартылды.

Бирок ага карата шаардан чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы күчүндө калды. Ошол эле кезде ага карата андан президенттин пайдасына 2 миллион сом өндүрүү боюнча сот чечими жокко чыга элек. Дайырбек Орунбеков сотто аталган айыппулду төлөөдөн баш тартпаганын айтып, аны мүмкүнчүлүгүнө жараша аз-аздан төлөп жатканын билдирген.

Буга байланыштуу кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин ченемдерине ылайык, адвокаттар айыппул төлөнүп жаткан шартта журналист Орунбековду аны төлөөдөн баш тартты деген негизде ага кылмыш ишин козгоого негиз жок экенин буга чейин билдиришкен. (RK/KJ)

XS
SM
MD
LG