Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Орусия менен Түркия Сириядагы аскердик аракеттерин координациялайт


Орусиянын Сириядагы Су-25 согуш учактары.
Орусиянын Сириядагы Су-25 согуш учактары.

Орусия менен Түркия өкмөттөрү аскердик операцияларды жакындан координациялап турушат. Мындай чечим Орусиянын Сириядагы аба чабуулунан түрк жоокерлери мерт болгондон кийин кабыл алынды.

Түрк армиясы бейшембиде билдиргендей, Сириянын түндүгүндө “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы чабуул маалында орус учактары түрк аскерлери жайгашкан имаратка кокустан сокку уруп алган. Андан үч түрк жоокери мерт кетип, 11и жаракат алган. Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы учак Эл-Баб шаарынын жанында аскердик тапшырманы аткарып жатканын бышыкташты.

Кремль кабарлагандай, орус президенти Владимир Путин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтып, окуяга Москва менен Анкаранын ортосундагы жетишсиз байланыш себеп болгонун айткан.

2015-жылдын ноябрь айында Түркия Сирия чегиндеги орус согуштук учагын атып түшүрүп, бул окуя эки өлкөнүн алакасынын начарлашына себеп болгон.

XS
SM
MD
LG