Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Балыкчы: Кире бериштеги туу жарым жылда үчүнчү жолу айрылды


Балыкчыдагы флагшток
Балыкчыдагы флагшток

Балыкчы шаарынын мэриясы айланма жолдун боюндагы флагшток маселесин чечүү жолдорун караштырууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” шаар башкармалыгынан кабарлашты. Мэриянын маалымат катчысы Адилет Бейшеналиевдин айтымында, флагштокту былтыр жайында "KG group" курулуш компаниясы жеке каражатына орноткон. Бирок күздүн келиши менен шамал катуулап, бүгүнкү күнгө карата үчүнчү байрак айрылып, аны да чечип салууга туура келди:

- Балыкчы шаарынын эли да тастыктап бере алат. "KG group" берген желекти илебиз, илгенде эле айрылып калып жатат. Толугу бойдон алып салуу деген сөз жок. Балким башка материалдар бардыр, балким башка жерге которуу же парус түрүндө кылуу. Шаардын көркүн ачып, жакшынакай болуп калды эле. Бирок ушундай объективдүү, табигый фактор болууда.Себеби айрылган байрактын илинип туруусу туура эмес.

Бейшеналиевдин белгилешинче, Балыкчыда шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жетет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалдын огу дал ошол айланма жол жерге туура келерин билдирген.

Флагштокту курууга 2,5 млн сом каражатын сарптаганын айткан "KG group" курулуш компаниясынан “Азаттык” радиосунун “Сиздер катуу шамалга туруштук бере алчу материалдан атайын Түркиядан жасатып келдик деген туулар баары тең айрылып калып жатса, мэрияга кандай сунушуңар бар?” деген суроосуна азырынча жооп жок экенин, кеңири комментарийди компания жетекчиси берерин айтышты. (RK)

XS
SM
MD
LG