Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Эрдоган конституциялык реформалар мыйзамын жактырды


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүүнү караган конституциялык реформалар мыйзамын жактырды. Эми документ жарыяланып, референдумга алынып чыкмакчы. Эрдоган реформалар оңой эмес кезде өлкөгө туруктуулукту алып келет десе, каршылаштары авторитардык башкаруунун орношунан чочулашат. Вице-премьер-министр Нуман Куртулмуш өкмөт референдумду апрель айына пландап жатканын ырастады.

Парламент жобону өткөн айда колдогон. Элдик добуш берүүдө реформа мыйзамы колдоо тапса, Эрдогандын 2029-жылга чейин бийликте калышына жол ачылмакчы. Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөргө ылайык президент жардык чыгаруу, чукул кырдаал жарыялоо, министрлерди жана жогорку жетекчилерди дайындоо, парламентти таркатуу укугуна ээ болмокчу. Оппозициядагы партиялар муну менен бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулук Эрдогандын пайдасына чечилип, негизги принциптер бузулат дешет.

XS
SM
MD
LG