Тажикстан менен Өзбекстан ортосунда авиакаттам 25 жылдан кийин кайра жанданды. Тажикстандын “Сомон Эйр” аба компаниясынын учагы жума күнү Душанбеден чыгып Ташкентке конду.
Биринчи учакта Өзбекстан баш калаасына аба компаниянын делегациясы менен кошо расмий өкүлдөр жана айрым жүргүнчүлөр да келишти.
“Сомон Эйрдин” башчысы Томас Халлам эксперимент түрүндөгү техникалык каттам ишке ашканын, 20-февралдан тарта туруктуу каттам башталарын билдирди.
Эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык Душанбеден Ташкентке каттамды "Сомон Эйр" компаниясы аткарып, Ташкент-Душанбени "Өзбекстан аба жолдору" тейлейт.
1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда Өзбекстан коопсуздук маселелерин жүйө келтирип, түз авиакаттамдарды токтотуп койгон. 90-жылдардын аягында болсо коңшу өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин киргизген.