Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Казакстанда жол кырсыгынан 17 жоокер жаракат алды 


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстандын Жамбыл облусунда аскерлер түшкөн машине оодарылып кетип, 17 адам жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, жол тайгак болгондуктан машиненин айдоочусу рулду башкара албай калган.

Кырсык 10-февралда Тараз-Чимкент жолунда катталган, жалпысынан автоунаада 28 аскер болгон. Жараат алгандар Тараз шаарындагы аскердик госпиталга жана жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Алардын абалы канааттандырарлык.

Окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG