Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:42

Шайлоо жыйынтыгын бурмалоого жол бербөө маселеси талкууланат


Алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу Бишкекте 13-февралда саясий форум өтөт. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна уюштуруучулардын бири, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Иш-чара "2017-жылдагы бурмалоосуз шайлоо" деп аталат. Ага парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка депутаттар, президенттик шайлоого катышууну көздөгөн саясатчылар катышат. Анда шайлоодо ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө маселеси талкууланат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл күзгө белгиленген. (NT)

XS
SM
MD
LG