Талас районунун Манас айылында Дастан Сарыгуловду коргоо комитети түзүлдү. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна жарандык активист Айбек Мырза билдирди. Анын айтымында, жыйынга жүзгө чукул адам катышты. Алардын арасында Сарыгуловдун туугандары, айылдаштары, санаалаштары, тарапкерлери жана активисттер бар.
Жыйында Дастан Сарыгуловго карата куугунтукту токтотуу талабы менен бийликке кайрылуу жолдонду.
Сарыгулов "мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп айыпталып, бир нече ай камакта отурду. Кийинчерээк ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Өткөн аптадагы соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоо аны 12 жылга эркинен ажыратууну сураган.
Сарыгулов жана аны менен кошо айыпталып жаткандар муну саясий куугунтук катары сыпаттап келишет. (NT/ASu)