Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Ооганстанда жардыруудан кеминде 11 адам набыт болду


Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында жанкечтинин кол салуусунан кеминде 11 адам мүрт кетти. Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, 20 адам жараат алды, алардын арасында эки аял жана үч бала бар. Каза тапкандардын кеминде үчөө жергиликтүү аскер кызматкерлери экени айтылууда.

Провинциянын губернатору Омар Зуактун айтымында, жанкечти зардыргыч зат салынган автоунааны Лашкарга шаарындагы банктын короосунун алдында ооган аскер кызматкерлери айлык алуу үчүн кезекте турганда жардырган.

Бул үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек, бирок буга чейин «Талибан» террордук кыймылы аталган провинциядагы чоң райондорду басып алып, Лашкар шаарына да коркунуч жаралган. Провинцияда НАТОнун командачылыгы алдында ооган күчтөрүн окутуп жаткан жүздөгөн чет элдик аскер кызматкерлери жайгашкан.

XS
SM
MD
LG