Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:52

"Де-Факто" гезитинин редактору сабалды


Амантур Мусагулов. Сүрөт Адил Турдукуловдун "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Амантур Мусагулов. Сүрөт Адил Турдукуловдун "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

"Де-Факто" гезитинин башкы редактору Амантур Мусагуловду 10-февраль түнү белгисиз бирөөлөр сабап кетишти.

Бул тууралуу "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун төрагасы Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, белгисиз адамдар Мусагуловду таяк менен чабышкан. Ал ооруканага кайрылып, Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазган.

Милициядан бул боюнча маалымат алууга азырынча мүмкүнчүлүк боло элек. (NT)

XS
SM
MD
LG