Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Сеул: Түндүк Корея баллистикалык ракета учурду 


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аскер жетекчилери менен.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аскер жетекчилери менен.

Бул тууралуу Түштүк Кореянын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен кабарлашты.

"Йонхап" маалымат агенттигинин билдиришинче, белгисиз үлгүдөгү ракета Пхёнан-Пукто провинциясындагы аба базадан Жапон деңизи тарапка кое берилген.

"Рейтер" агенттиги түштүк кореялык аскерлердин иликтөөсү боюнча ракета 500 чакырым учканын билдирди. Азыркы тапта ракета сыноо тууралуу маалыматты АКШ да иликтеп жатат.

Январдын башында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз өлкөсү континент аралык баллистикалык ракета жасоонун “акыркы баскычына” келгенин жарыялаган. Ал жаңы жылдык куттуктоосунда Түндүк Корея 2016-жылы “өзөктүк державанын бийиктиктерин багынтып”, жакынкы мезгилде континент аралык баллистикалык ракетага ээ болорун айткан.

2016-жылы Пхеньян эки ирет өзөктүк жана бир нече жолу баллистикалык ракеталарды сыноодон өткөргөн.

XS
SM
MD
LG