Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Кыргызстандык үч бала Германияга дарыланууга барат


“Саламаттыкка бирге” коомдук фондунун жардамы менен 12-февралда кыргызстандык үч бала Германияга дарыланууга кетип жатат. Чүй, Талас облустарында жашаган жана оор дарттардын диагнозу коюлган бул балдар Европадагы мыкты деген клиникаларда акысыз дарыланышат. Алардын дарылануусуна кеткен каражатты Friedensdorf International эл аралык кайрымдуулук фонду көтөрүүдө. 10 жылдан бери аталган фонд дүйнөдөгү 20 өлкөнүн балдарына жардам берип келет. Ал эми Кыргызстандан 2012-жылдан бери Германияга 29 бала дарыланууга кетип, 22си айыгып кайткан. Азыркы тапта жети кыргызстандык бала Германияда дарыланып жатканын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. (BCh)

XS
SM
MD
LG