Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Классташтары сабаган окуучу кыз ооруканага түштү


Чүй облусунун Ак-Суу шаарындагы Cтепаненко атындагы №2 мектептин 6-классында окуган кызды 9-февралда классташ кыздары сабап, ал ооруканада жатат. Бул тууралуу жабыркаган кыздын чоң энеси Жаңыл Бегалиева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, мектеп окуучуларынын арасында "Космостон салам" деген оюн пайда болгон. Оюндун талабы боюнча, кыздар бири-бирин сабаса да эч кимге эч нерсе айтпоого тийиш:

- Экөө кызымдын колун кармап, калганы башка койгулашыптыр. Партада отурган неме же буту менен тээп каршылык көрсөтө албаптыр. Бири катуу нерсе менен чаап жиберген экен. Рентгенде тартсак төбөсүнө кан уюп калыптыр. Эми Бишкекке алып барыш керек деп атышат. Дарыгерлер бара-бара сүйлөгөнү, эске тутуусу жоголуп калышы ыктымал деп айтышты. Ошол кезде мугалимди сабак учуруда директор чакыртып кетип, ал чыгары менен кыздар чуркап келип кызымды урган. Он беш кыздын үчөө карап туруптур. Териштирүу учурунда эмнеге мугалимди чакырган жоксуңар деп сурасак, кыздар "бул жаңы оюн" дешти. Бир жери сынып талкаланса да, ыйлаганга, ата-энеге, мугалимге айтканга болбойт экен. Сабалган окуучу ата-энесине, мугалимдерине айтпаса жеңүүчү болот экен.​

Жаңыл Бегалиеванын билдиришинче, жергиликтүү милиция 6-класстын окуучуларынан түшүнүк алган. Окуя боюнча Чүй облустук милициясы, ИИМ маалымат тарата элек. (NT)

XS
SM
MD
LG