Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Жаданга Белорусияга кирүүгө кайра уруксат берилди


Сергей Жадан.
Сергей Жадан.

Белорус бийлиги украиналык жазуучу Сергей Жадандын өлкөгө киришине тыюу салган чечимин жокко чыгарды. "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу Жадан бул үчүн Украина Тышкы иштер министрлигине ыраазычылык билдирди.

Ал Минскке Эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышуу үчүн келген. 11-февралга караган түнү аны белорус полициясы кармап кетип, муну жазуучуга "террордук ишмердүүлүгү үчүн" Орусияга кирүүгө тыюу салынганы менен түшүндүрүшкөн. Эртең менен Жадандын паспортуна белгисиз мөөнөткө чейин Белорусияга кирүүгө тыюу салынды деген мөөр басылган.

Украина Тышкы иштер министрлиги Киевдеги Белорус элчисин чакыртып, жазуучунун кармалышына катуу тынчсыздануу билдирген.

Сергей Жадан – Украинага кеңири таанымал беш жазуучунун бири. Донбасстагы конфликт болуп жаткан аймактардагы балдар үйлөрүнө, интернат, мектеп, китепкана жана бейтапканаларга жардам көрсөткөн кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү.

XS
SM
MD
LG