Кыргызстанда 13-февралда Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл аймактарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрди түзөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2;
Таласта түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -7...-12;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5;
Баткенде түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5 градус жылуу болот.
Бишкекте 13-февралда күндүз кар жаайт, туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз -1...1 градуска чейин жогорулайт.