Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Түркмөнстан: 87% шайлоочу добуш берди


Гурбангулы Бердымухаммедов добуш берүүдө. 12-февраль, 2017-жыл.
Гурбангулы Бердымухаммедов добуш берүүдө. 12-февраль, 2017-жыл.

Бүгүн Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Анда азыркы президентти кошкондо тогуз талапкер ат салышууда. Добуш берүүлөрдүн жыйынтыгында азыркы президент Гурбангулы Бердымухаммедов жеңип чыгары күтүлүүдө. Анткени, эл аралык коомчулук түркмөн бийлигинин сегиз атаандаш чыгарганын "эл көзүнө көрүнүү" катары баалап жатышат.

Евразия боюнча эксперт Михал Романовский өлкөдө шайлоонун жыйынтыгы акыркы 25 жылдан бери бурмаланып келе жатканын, чыныгы оппозиция жана көз карандысыз маалымат каражаттары дээрлик жок экенин, түркмөн коомчулугу кысымга алынарын белгиледи.

Бердымухаммедов 12-февралда добуш берип жатып, эгерде шайланып калса, негизги саясаты калктын жашоосун жакшыртууга багытталат деп айтты.

Бердымухаммедов шайлоодо добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:27 0:00

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы добушканалар иштей баштагандан бери шайлоочулардын 87 пайызы добуш бергенин жарыялады.

Түркмөнстанда шайлоо бюллетенине биринчи жолу тогуз талапкер кирди. Былтыр 59 жаштагы Бердымухаммедов 2017-жылы шайлоо альтернативдүү негизде өтөрүн убада берген. Ошол эле маалда президенттик жана парламенттик шайлоолорду эл аралык байкоочулар эч качан эркин жана акыйкат өттү деп эсептеген эмес.

Расмий маалымат боюнча, Бердымухамедов 2006-жылы 89 пайыз, 2012-жылы 97 пайыз добуш менен шайланган. Байкоочулар бийликтин катуу көзөмөлүндө турган маалымат каражаттары жана бийлик түзгөн партиялар, коомчулукка белгисиз талапкерлер шайлоодо роль ойнобой турганын айтышууда. Михаил Романовскийдин пикиринде, түркмөн коомчулугунун 15 пайызы гана Интернетке кире алат, өлкөдө коом гана эмес, ары-бери каттоо эркиндиги да чектелген.

Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00

XS
SM
MD
LG