Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Кашмирде атышуудан жети адам мерт кеткени кабарланды


Окуядан кийин тартылган сүрөт
Окуядан кийин тартылган сүрөт

Индиянын Кашмир аймагында согушкер деп шектелген топ менен аскерлердин атышуусунан жети адам өлгөнү кабарланды. Маалыматтарга караганда, мерт кеткендердин төртөө болжолдуу жоочулар, экөө жоокерлер.

Индия армиясынын өкүлү, полковник Маниш Мехтанын айтымында, окуя 12-февраль күнү Кашмирдин түштүк тарабындагы айылдардын биринде болду.

Кыштакта жашырынып жаткан жоочуларды кармоо операциясында атышуу болгон. Үч жоокер жараат алып, ооруканага түштү.

Жергиликтүү тургундар аскерлер бир үйдү жардырып жибергенин айтып жатышат. Бирок бул кабар расмий бышыктала элек.

Кашмир Индия менен Пакистандын ортосундагы талаштуу аймак. Бул жерде тез-тез жаңжал чыгып турат.

XS
SM
MD
LG