Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

ЖАМУга Бекмамат Осмоновдун атын ыйгаруу сунушталууда


Бекмамат Осмонов
Бекмамат Осмонов

Жалал-Абад Мамлекеттик университетине коомдук жана саясий ишмер Бекмамат Осмоновдун атын ыйгаруу сунушталууда. Мындай демилге өткөн жумада аталган окуу жайда Осмоновдун өмүр жолуна, ишмердигине арналып уюштурулган илимий конференцияда айтылды. Маалыматка караганда, сунуш тийиштүү документтер менен кошо өкмөттүн кароосуна жиберилген.

Көрүнүктүү ишмер, мыкты уюштуруучу катары таанылган Бекмамат Осмонов 1945-жылы Базар-Коргон районунда төрөлгөн.

1991-жылы Жалал-Абад Оштон бөлүнүп, өзүнчө аймак катары түзүлгөндөн кийин Бекмамат Осмонов жаңы облустун биринчи губернатору болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG