Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:36

Саясатчы Адахан Мадумаров Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын чакыруусу менен Москвага барат. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, мекендештер менен жолугушуу 18-февралда өтөрүн билдирди.

Маалыматка караганда, жакында Орусиядагы кыргыздардын түзүлгөн топ «Мадумаровду колдоо» кыймылын уюштуруп, 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуусун суранышкан. Алар саясатчыга кат жолдоп, жолугушууга чакырышкан.

Мадумаров мигранттардан келген катты да жарыялады.

Былтыр жыл аягында Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев биригип, президенттик шайлоого арасынан бир талапкер чыгарын жарыялашкан. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG