Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 00:54

Түркмөнстанда президенттик шайлоого жарандардын 97% катышты


Түркмөнстандагы шайлоо. 12-февраль, 2017-жыл.

12-февралдагы шайлоонун расмий жыйынтыгы азырынча маалым эмес. Добуш берүүгө эл өтө активдүү катышканы, 3 пайызга жетпеген гана шайлоочулар келбей калганы белгиленди.

Жеңүүчүнүн аты атала элек болсо да, тогуз талапкердин ичинен эбегейсиз айырма менен Гурбангулы Бердымухамедов утуп чыгарын серепчилер күн мурунтан боолгошуда. Буга бардык бийлик Бердымухамедовдо экенин мисал келтиришет.

Түркмөнстанда шайлоо бюллетенине биринчи жолу тогуз талапкер кирди. Эл аралык коомчулук түркмөн бийлигинин сегиз атаандаш чыгарганын "эл көзүнө көрүнүү" катары сыпаттаган.

Былтыр 59 жаштагы Бердымухаммедов 2017-жылы шайлоо альтернативдүү негизде өтөрүн убада кылган.

XS
SM
MD
LG