Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:44

“Ислам мамлекети” тобунун башчысы оор жараат алганы кабарланды


Абу Бакр ал-Багдади.

Жакынкы Чыгыштагы эки телеканал “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун башчысы Абу Бакр ал-Багдади оор жараат алганын маалымдады. Alsumaria жана Alhurra каналдары тараткан кабарга ылайык, ал-Багдади Ирактагы авиасоккуларда жарадар болгон. Андан тышкары сокку дагы бир катар исламчыл жоочуларга тийгени айтылууда. АКШнын Коргоо министрлиги бул маалыматты азырынча бышыктай элек.

Өткөн аптада Ирак премьер-министри Хайдар ал-Абади “Ислам мамлекети” радикал тобунун башчысынын жайгашкан жери аныкталганын билдирген эле.

АКШ бийлиги ал-Багдадиге эл аралык издөө жарыялаган. Ал тууралуу маалымат бергендерге 10 миллион доллар убада кылынган. Буга чейин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лидери жок кылынганы тууралуу бир канча жалган маалыматтар чыккан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG