Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:13

Активисттер жоокерлерге кыргызча китептерди чогултуп жатышат


Ош шаарында активисттер аскердеги жоокерлерге кыргыз тилиндеги адабий китептерди чогултуп жатышат. “Жоокерге китеп” аттуу акциянын уюштуруучусу Жылдыз Бекбаева билдиргендей, бул саамалык аскердин суранычы менен уюштурулууда:

-Бул үчүн каражат да керек эмес. Болгону китептерди чогултканга ыктыярчылар, аскердик бөлүккө жеткирүү үчүн демилгечи топ зарыл.

Маалыматка караганда, январь айында Бишкектин четиндеги аскердик бөлүктөрдүн биринде кызмат өтөп жаткан жигит армиянын китепканасында орусча китептер басымдуулук кыларын, кыргызча адабий чыгармаларды таппай жатканын социалдык тармакка жазган. Мындан улам армияга кыргызча китептерди белек кылуу идеясы жаралган.

Уюштуруучулар саамалыкты колдоону Бишкектеги мекендештерден да суранып жатышат. Чогултулган китептерди 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүн утурлай тапшыруу пландалууда. (SE)

XS
SM
MD
LG