Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Сарпашев убактылуу кызматтан кетүү арызын жазды


Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев убактылуу кызматтан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди:

- Өз арызым менен кайрылдым ээлеген кызматымдан убактылуу кетүү тууралуу. Комиссиянын жыйынтыгы чыкканча. Мен буга чейинки пикиримден тайбайм.

Сарпашевдин белгилешинче, учурда анын арызы өкмөт башчынын кароосунда жатат.

Максим Бакиевдики деген жердин сатылышына байланыштуу Башкы прокуратура Сарпашевди иштен алууну премьер-министрге сунуштаган. Өкмөт бул маселе иликтөөдөн кийин чечилерин билдирген.

Сарпашев күнөөсү жок экенин айтып келет. Ал да Башкы прокуратурага кайрылганын айтты. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG