Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Каныбек Иманалиев: “Мураскер” болбойт деген утопия


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

“Ата Мекен” партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев саясий форумда сүйлөгөн сөзүндө башка саясатчыларды өздөрүн иш жүзүндө көрсөтүүгө чакырды:

-Биз саясий күрөштүн биринчи этабын уттуруп койдук. Референдум болбошу керек эле. Ага жол берип коюп, “Мураскер" болбойт” дегенибиз утопия. Бийлик баары бир ошого барат.

Иманалиев мындай форматтагы жолугушуу уланып туруусу зарылдыгын белгиледи. Ал таза шайлоо өтүшү үчүн ким эмне кылышы керек, кайсыл органга кандай милдет жүктөлүшү керек баарын тактап ошого жараша иш кылууну сунуштады.

"2017-жылдагы бурмалоосуз шайлоо" деп аталган форумга отуздан ашуун саясатчы катышууда.(EBM/ZKo)

XS
SM
MD
LG