Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Грэмми 2017: Аделдин альбому эң мыкты аталды


Аделдин кубанычында чек жок.
Аделдин кубанычында чек жок.

Британ ырчысы Аделдин “Hello” чыгармасы “мыкты үн жазуу”,“мыкты ыр”, ал эми “25” деген аталыштагы жыйнагы “мыкты музыкалык альбом” деп эң негизги номинацияларда жеңүүчү деп аталды.

12-февралдын кечинде АКШнын Лос-Анжелес шаарында дүйнөлүк эң абройлуу “Грэмми” музыкалык сыйлыгын тапшыруу салтанаты өттү.

Анда 2016-жыл ичиндеги музыка жана үн жазуу жаатындагы мыктылар аныкталып алтын граммофондор ыйгарылды.

Дагы бир британ рок ырчысы, маркум Дэвид Боуи төрт сыйлыккка татыды. Анын соңку "Blackstar" альбому “мыкты рок аткаруучу”, “рок ыр”, “мыкты альтернатив альбом” жана “инжирининг” номинацияларында жеңүүчү аталды. Дэвид Боуи былтыр 10-январда 69 жашында каза болгон.

Мыкты R&B аталган The Weeknd сыйлыгы менен. 13-февраль. 2017.
Мыкты R&B аталган The Weeknd сыйлыгы менен. 13-февраль. 2017.

Америкалык ырчы Бейонсенин “Formation” видеосу “мыкты клип” деп табылды.

Ал эми “мыкты классикалык музыка альбому” номинациясында британ Иэн Бостриж “Shakespeare Songs” альбому жана немис ырчысы Доротеи Рөшман “Schumann & Berg” жыйнагы үчүн жеңишке ээ болушту.

Кшиштоф Пендерецки башында турган Варшава улуттук хору да мыктылардын катарын толуктады.

59-жолу өткөн Грэмми жыйынтык салтанатында 80ден ашуун номинация боюнча сыйлыктар ыйгарылды.

«Грэмми» (“Grammy”) - Америкалык үн жазуу академиясынын музыкалык сыйлыгы 1958-жылы түзүлгөн (SA)

XS
SM
MD
LG