Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Бишкекте ооганчылардын сүрөт көргөзмөсү өтөт


Ооган согушуна барган советтик аскерлер.
Ооган согушуна барган советтик аскерлер.

14-февралда Михаил Фрунзе атындагы үй-музейинде “Ооганстан: Биздин азап жана эстелик” деген темада даректүү сүрөт баян өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына аталган музейден кабарлашты.

Бул сүрөт көргөзмө Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышына арналат. Бул согушка Кыргызстандан жети миңден көп аскерлер тартылган. Анын ичинен 249 жоокер каза болуп, төрт аскер дайынсыз жоголгон. Советтик аскерлер Ооганстанга 1979-жылы киргизилип, 1989-жылы 15-февралда чыгарылган.

Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр Ооган согушунун себептерин, майдандын жүрүшүн, Советтик аскерлердин бул апааттагы ордун чагылдырат. Маалыматта материалдар Ооган согушуна катышып келген ардагерлерден чогултулуп алынган.(ZA)

XS
SM
MD
LG