Анын ордуна Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруу Күмүшбек Шамкановго жүктөлдү. Мындай буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ал эми Тайырбек Сарпашев берген арызына ылайык, иликтөө иштери аягына чыкканга чейин ээлеген кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Максим Бакиевдики деген жердин сатылышына байланыштуу Башкы прокуратура Сарпашевди иштен алууну премьер-министрге сунуштаган. Өкмөт бул маселе иликтөөдөн кийин чечилерин билдирген.
Сарпашев өзү күнөөсү жок экенин айтып келет. Ал да Башкы прокуратурага кайрылганын маалымдоодо.(ZKo)