Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 14:21

Казакстанда “Саясий калем - Трибуна” көз карандысыз гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучусу Жанболат Мамай камакка алынды. Ага акчанын изин жашырды деген айып тагылып, эки айга тергөө абагына камалганын “Адил сөз” бейөкмөт уюму кабарлады.

“Саясий калем - Трибуна” гезити өз бетинде казак өкмөтүн сындап келген. Тергөөчүлөр Мамайды бозгундагы казак олигархы Муктар Аблязов “уурдаган” акчанын изин жашырууга көмөктөшкөн деп күнөөлөп жатышат.

Журналист Аблязов менен эч кандай байланышы жок экенин айтып, кылмыш ишин саясий куугунтук деп атады.

XS
SM
MD
LG