Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Алмазбек Атамбаев Гурбангулы Бердымухамедовду куттуктады


Гурбангулы Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Гурбангулы Бердымухамедовго жолдогон телеграммасында аны Түркмөнстан президентинин кызматына кайра шайланышы менен куттуктады. Анда мамлекет башчы “бүгүн Түркмөнстан эли сизге жана мамлекеттин жаратмандык саясий, социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жетүү боюнча сиз белгилеген багытка болгон өзгөчө ишенимин кайрадан бекемдеди. Кыргызстан менен Түркмөнстан ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык биздин элдердин кызыкчылыктарын улай, андан ары да жандуу өнүгө берет деген ишенимди билдирем», - деп белгилеген.

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Гурбангулы Бердымухамедовго бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишине чоӊ ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине тынчтык менен гүлдөп өсүүнү каалаган, деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG