Пакистандын ооган чегине жакын жайгашкан Түштүк Вазиристан провинциясында жекшембинин түнүндөгү бомба чабуулунан үч аскер мерт болду. Зармилан аймагындагы рейд маалында болгон жардырууда оор жаракат алган үч аскер ооруканада жан бергенин Пакистандын армиясы ырастады.
Кол салууга Пакистанда тыюу салынган “Техрик-э-талибан” согушкерлер тобу жоопкерчиликти алып, бомба коюлган унаа жарылганын, андан беш аскер мерт кеткенин билдиришти. Армия уруулар байырлаган аймакта тинтүү иштерин жүргүзүп жаткан.
Талиптер 12-февралда Карачидеги журналисттердин унаасына жасалган кол салууга да жоопкерчиликти алышып, өкмөттү колдогону үчүн маалымат каражаттарын бутага алышканын айтышты. Бул кол салуудан SAMAA TV телеканалынын байланышты камсыз кылган техникалык кызматкери набыт болгон.