15-16-февралда Казакстандын борбору Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы өтөт. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Жыйынга Түркия, Иран жана Орусиядан башка кайсы тараптар катышаары так белгилүү боло элек.
Лавров Кремль Сирия маселесинде АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен жакындан кызматташууга үмүт артып турганын айтты.
Орус тышкы иштер министри бул аптада Германияда АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен жолугушат деп күтүлүүдө.
Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы Астанада 23-24-январда өткөн. Анда олуттуу макулдашуулар болбосо да тараптар ок атышпоо келишимине байкоо салуучу Бирдиктүү операциялык топ түзүүнү чечишкен. Үч өлкөнүн өкүлдөрү февралдын башында да Астанада Сирия маселесин талкуулашкан.