Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Лахордо демонстрация маалында бомба жарылды


Лахордогу жардыруу, 13-февраль 2017-жыл.
Лахордогу жардыруу, 13-февраль 2017-жыл.

Пакистандын Лахор шаарында нааразылык акциясы маалында катуу жардыруу болуп, андан кеминде жети киши мерт кетти. Полиция кабарлагандай, белгисиз адам мотоцикли менен демонстранттарды сүзүп киргенден кийин бомба жарылган. Акцияда жергиликтүү дарыгерлер дары-дармек соодасын тескеген мыйзамга каршылыгын билдирип жатышкан.

Бул чабуулга талиптер жоопкерчиликти алганы кабарланууда. Полиция курмандыктар менен жаракат алгандардын саны такталып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG