Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жолу жабык турат


Кар көчкүдөн улам Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Жаңы Базар-Кировка унаа жолу кечетен бери жабык турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 13-февралда жолго көлөмү болжол менен 5000 метр куб кар көчкү түшкөн.

Аба ырайынын туруксуздугуна жана унаа жолдо кар көчкү түшүү коркунучу болгондугуна байланыштуу тазалоо иштери убактылуу токтоп турат. Каттам жабык.

Адистер ушул күндөрү Кыргызстандагы тоо жолдорунда кар көчкү коркунучу жогору экенин эскертүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG