Пакистандын Лахор шаарында нааразылык акциясы маалында болгон катуу жардырудан мерт кеткендер саны бери дегенде 13 кишиге жетти. Жараат алган 58 кишинин арасында тогузунун абалы оор.
Расмий маалыматтарга караганда, 13-февралда белгисиз адам мотоцикл менен демонстранттарды сүзүп киргенден кийин бомба жарылган. Акцияда жергиликтүү дарыгерлер дары-дармек соодасын тескеген мыйзамга каршылыгын билдирип жатышкан эле.
Полициянын башкы инспектору Мустак Шухера набыт болгондор арасында беш тартип сакчысы болгонун белгилеп, окуяны теракт деп сыпаттады.
Чабуулга талиптердин “Жамаат ур-Ахрар” тобу жоопкерчилик алганы кабарланды.