Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Кремлдин өкүлү: Навальныйдын президент болуу дымагы таң калыштуу


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Оппозиционер Алексей Навальныйдын президент болуу дымагын Кремлдин улуу мартабалуу өкүлү “таң калыштуу чечим” деп сыпаттады. Мамлекет башчы Владимир Путиндин администрациясындагы аткаминердин айткандарын Financial Times басылмасы жазды.

Ага жооп катары Навальный Путиндин көп жылдар бою бийликте отурганы “таң калыштуу” деди.

Алексей Навальный “Солидарность” деп аталган Орусиянын бирдиктүү демократтар кыймылынын курултайында 2018-жылдагы президенттик шайлоого ат салышарын билдирген эле.

Навальный “Кировлес” ишканасындагы мыйзам бузууларга айыпталып, уурулук кылган деп табылган. Мындай чечимди 8-февралда Киров шаардык соту чыгарган. Саясатчы өзү жана Евробиримдик сот чечимин саясий буйрутма катары сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG