Ташкен-Самаркан жолунун Казакстандын аймагынан өткөн бөлүгүн февралдын соңуна чейин толугу менен ачуу пландалууда. Астананын Өзбекстандагы элчиси Ерик Утембаевдин жергиликтүү булактарга берген маалыматына ылайык 11 жыл мурун жабылган постторду алуу боюнча тараптар макулдашууга жетишти.
Мактаарал району аркылуу өткөн өткөрүү пункттары ачылса, Ташкенден Самарканга жол 24 километрге кыскарат. Мындан ары посттон өткөндөрдүн паспортторуна мөөр басылбайт. Бирок миграциялык баракча толтурулат.
Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда ушундай жабык аймактар бар. Мындан улам жүргүнчүлөр айланма жолдордон өтүшөт.