Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:28

Карамушкинаны депутаттыктан кетирүү үчүн кол чогултулууда


Ирина Карамушкина, ортодо.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын кызматтан кетишин талап кылган активисттер интернетте кол чогултушууда. Атайын үлгүдөгү баракчаны демилгечи Руслан Бекназаров социалдык тармактарга таратты. Ага Карамушкинанын мандатын тапшыруусун каалагандар аты-жөнүн, жашаган аймагын жазып, кол тамга калтырат. Активист бул акцияга чет элдеги кыргызстандыктар да катышса болорун билдирди.

Ирина Карамушкина өткөн аптада жума намаз учурунда мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жумушту таштап, сыйынууга кетип калышын сындаган. Мындан улам коомчулук арасында эл өкүлү "мусулманчылык амалдарына каршы чыгууда" деген нааразылыктар айтылууда.

Карамушкина жума намазга каршы эместигин, жумуш Эмгек кодексинин негизинде жүрүшү зарылдыгын билдиргенин белгилеп келет. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG