Мындай талап менен “Ата Мекен” фракциясы бүгүн билдирүү таратты. Анда президент Атамбаев 13-февраль күнү баш прокурор Индира Жолдубаевага өзүнүн мүлкү тууралуу депутат Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүн иликтөөнү тапшырганы тууралуу айтылып, прокуратура Текебаевдин буга чейин да президенттин жана жакындарынын мүлктөрү жөнүндө айткан маалыматтарын текшерсин деп талап кылынган.
Билдирүүдө белгиленгендей, Өмүрбек Текебаев буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жубайына тиешелүү банк эсебинде 3 млн доллар бардыгын, ал үчүн банк ага 120 миң доллардан төлөп берип жатканы тууралуу маалыматтарды айтып чыккан. Ошондой эле “Ата Мекен” фракциясы Башкы прокуратурадан ушул тапта президент Атамбаевге таандык үй кайсы каражатка курулуп жатканын, үйдүн курулушуна жеке тараптар тартылбаганын да иликтеп чыгуусун талап кылган.
“Мындай маалыматтарды тез жана сапаттуу текшерүү үчүн быйылкы “Адеп-ахлак, тарбия жана маданият жылы” деген жарыяга ылайык, “Ата Мекен” фракциясы президент Алмазбек Атамбаевден киреше булактарын ачыктоону сунуш кылат” деп айтылат билдирүүдө.
Өмүрбек Текебаев 13-февралда Бишкектеги саясий форумда Кипрден Атамбаевдин мүлкү тууралуу маалыматтарды таап келгенин, жакында коомчулукка жарыя кыларын билдирген. Ошол эле күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бул билдирүүнү иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырган.(ZKo)