Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:04

Депутат Исаков: кылмыш иш тууралуу билдирүү келген жок


Музаффар Исаков.
Музаффар Исаков.

КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаков ага карата Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иш тууралуу билдирүүнү расмий ала электигин “Азаттыкка” билдирди. Алдыда териштирүү иштери жүрө турганын, өзү материалдар менен тааныша электигин айтты.

- Бул иш 2010-2015-жылдар аралыгында болгон мыйзамсыз иш болсо, анда эмнеге буга чейин прокуратура иш козгобостон, эми гана козгоп кирди, мен үчүн табышмак болуп жатат. Алдыда эми иш кандай өңүттө уланарын көрө жатарбыз, бирок азыр мен иш менен расмий тааныша элекмин.

Бүгүн Башкы прокуратура КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаковго коррупцияга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Депутат Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде, 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315 токтом чыгарган деп айыпталууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG