Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

ТИМ Анкарада кыргызстандык аял тууралуу маалыматты тактоодо


Анкара шаары.
Анкара шаары.

Түркиянын борбору Анкарада кыргызстандык аял киши колдуу болду деген маалыматты Тышкы иштер министрлиги өзүнүн булактары аркылуу тактоодо. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов да бул маалымат такталып жатканын “Азаттыкка” кабарлаган.

13-февралда Анкара шаарынын борбордук Кызыл-Ай аймагында кыргызстандык аял өлтүрүлдү деген маалыматтар социалдык тармактарга тараган. Маалымат мойнунан жаракат алган белгисиз аялдын сүрөтү менен коштолгон эле.

Анкарадагы кыргызстандыктар бул маалымат тастыкталбаганын, жалган болушу ыктымалдыгын айтышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG