Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Макрон: Орусия шайлоо жараянына аралашууда


Орусиянын Russia Today телеканалы.
Орусиянын Russia Today телеканалы.

Франция президенттигине талапкер Эммануэл Макрондун шайлоо штабынын башчысы Орусия медиа жана интернет аркылуу Макронго чабуул жасап, анын орусиячыл атаандаштарына жардам берүүдө деп билдирди. Макрондун “Алга” кыймылынын баш катчысы Ричард Ферранд 13-февралдагы бул сөзү май айында Францияда боло турган президенттик шайлоого Орусия кийлигишүүдө деген биринчи айыптоо болуп калды. Ферранддын айтымында, Москва ашкере оңчул Мари Ле Пен жана оңчул-борборчул Франсуа Фийонго артыкчылык алып берүүгө умтулууда. Ферранд бийликти шайлоого чет өлкөлөрдүн таасир этүүсүнө жол бербөөгө чакырды. Кремль Russia Today жана Спутник маалымат каражаттары аркылуу Макрон тууралуу калп жана жасалма маалыматтарды таратууда деген Ферранд, Кошмо Штаттар шайлоо жараянына чет тараптан кийлигишүү болуп жатканына өтө кеч көңүл бура баштады деген. (AiT)

XS
SM
MD
LG