Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

Жапония Курилдеги аралдарга ысым берилишине каршылык билдирди


Итуруп аралы.
Итуруп аралы.

Жапон өкмөтү 14-февралда тараткан билдирүүдө “бул кабыл алынгыс жана Жапониянын позициясына карама-каршы келет” деп айтылат. Ошол эле учурда мунун баары тынчтык келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө “таасирин тийгизбеши керектиги” белгиленген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Орусияга өткөн Итуруп, Шикотан, Кунашир жана Хабомаи аралдары боюнча Москва менен Токионун келишпестиги эки өлкөнүн тынчтык келишимин түзүүсүнө тоскоол болуп келет.

Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев буга чейин аты болбогон беш аралга ысым берген токтомго 13-февралда кол койгон. Ал аралчаларга Жапониянын капитуляциясы жөнүндөгү документке кол койгон Кузьма Деревянко, Алексей Гнечко, СССРдин тышкы иштер министри болгон Андрей Громыко, Сахалиндин мурунку губернатору Игорь Фархутдинов жана Анна Шетининанын ысымы ыйгарылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG