Бул тууралуу “Азаттыкка” Өмүрбек Текебаев маалымдап, сурак 15-февралда болорун билдирди. Анын айтуусунда, сурак Кипрдеги Атамбаевге таандык мүлктөр тууралуу маалыматтар боюнча Текебаевдин билдирүүсүнүн айланасында болот.
Өмүрбек Текебаев 13-февралда Бишкектеги саясий форумда Кипрден Атамбаевдин мүлкү тууралуу маалыматтарды таап келгенин, аларды толук иликтеп, жакында аны коомчулукка жарыя кыларын билдирген. Ошол эле күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бул билдирүүнү иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырган.(ZKo)