Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Социалдык тармактарда президентти сындоо айып эмес


Мындай маалыматты Башкы прокуратура берген жоопко таянып, “Адилет” укуктук клиникасы таратты. Маалыматка ылайык, аталган клиника башкы көзөмөл органына кайрылып, “Фейсбук” социалдык тармагында президент Алмазбек Атамбаевди сындаган 11 колдонуучуга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин эскертүүсүнө укуктук баа берүүсүн сураган.

Биринчи катында “Адилет” клиникасы Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын демилгесине укуктук баа берүүсүн өтүнсө, экинчи катында социалдык тармактардагы президентти сындагандарга карата чара көрүүгө Коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин кандай укугу бардыгын түшүндүрүүнү суранган.

13-февралда Башкы прокуратура укуктук клиниканын суроосуна расмий жооп берген. Катта айтылгандай, Башкы көзөмөл органы депутат Ирина Карамушкинанын жана УКМК кызматкерлеринин кадамдарында мыйзамсыз аракеттер аныкталган эмес. Бирок, Башкы прокуратура “Фейсбуктун” 11 колдонуучусуна УКМК тарабынан эскертүү алганы тууралуу маалыматтарды текшерүүгө мүмкүн болбогонун билдирген. Антишке маалымат берген адамдардын жашыруун калууну каалагандыгы, алар тууралуу маалыматтардын ачык айтылбашы керектиги себеп болгон.

Ошол эле учурда Башкы прокуратура УКМК төрагасынын орун басары 2016-жылы 27-декабрда жазган катында президентти сындаган жорумдардын соцтармактарда жарыялануусун текшерүү тууралуу берген тапшырмасы туура эместигин билдирген.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилигин каралып жаткан маселени документтеринде так, даана көрсөтүүсүн сунуштаган.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Фейсбукта президентке акаарат келтирген деген негиз менен он чакты жаранга эскертүү берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG