Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Техникалык университеттин окутуучусу пара менен кармалды


Раззаков атындагы Мамлекеттик техникалык университетинин кафедра башчысы оң баа коюп берүү үчүн акча алганы үчүн кармалды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун коррупцияга каршы күрөшүү кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, окутуучу оң баа коюп берүү үчүн 25 миң сом пара алып, убадасын аткарбай койгон. Буга байланыштуу оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүп, окутуучу кайра сегиз миң сом кайтарып жаткан жеринен кармалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG