Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:06

Орусия Франциядагы шайлоого кийлигишүүдө деген сөздү четке какты


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

14-февралда Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков орус бийлигине каршы айыптоону “жөн эле абсурд” деди. Франция президенттигине талапкер Эммануэл Макрондун шайлоо штабынын башчысы Орусия медиа жана интернет аркылуу Макронго чабуул жасап, анын орусиячыл атаандаштарына жардам берүүдө деп билдирген эле.

Макрондун “Алга” кыймылынын баш катчысы Ричард Ферранддын 13-февралдагы бул сөзү май айында Франция боло турган президенттик шайлоого Орусия кийлигишүүдө деген биринчи айыптоо болуп калды. Ферранддын айтымында, Москва ашкере оңчул Мари Ле Пен жана оңчул-борборчул Франсуа Фийонго артыкчылык алып берүүгө умтулууда. Кремль RT жана Спутник маалымат каражаттары аркылуу Макрон тууралуу калп жана жасалма маалыматтарды таратууда деген Ферранд, Кошмо Штаттар шайлоо жараянына чет өлкөдөн кийлигишүү болуп жатканына өтө кеч көңүл бура баштады деген.

Орусия АКШдагы өткөн жылдагы шайлоого кийлигишти деген айыптоолорду да четке каккан. (AiT)

XS
SM
MD
LG