Эртең көпчүлүк аймактарда кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде калың кар түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Күндүн табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8 , күндүзү 0…5 градус,
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүзү 0…5 градус жылыйт.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүзү 2…7 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүзү 1…6 градус жылуу,
Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүзү -5…-10 суук болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүзү -3…-8 градуска чейин төмөндөйт.
15-февралда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -5…-7° суук, күндүзгү температурасы 0…2° жылуу.